Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

Чек ара кызматынын аскерлери чек арада абал турукташканга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.
Анын айтуусунда, укук коргоо органдары конфликт болгон аймактагы коомдук коопсуздукту камсыздап, мамлекеттик чек араны кайтарышат. Муну менен катар тажик тараптын тиешелүү тараптары менен биргеликте чек арадагы конфликтти жөнгө салуу максатында сүйлөшүүлөр өткөрүлүүдө. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы абалды туруктуу деп баалады.
Исфара-Ворух жолунун Ак-Сай айылы аркылуу өткөн бөлүгү жабылган жок. Бирок Тажикстандын жарандары коопсуздугун ойлоп ал жактан өтүшкөн жок. Ош-Баткен-Исфана жолуна келсек, анын Жака-Өрүк участогу жабык турат.

Чек арадагы чатак боюнча Баткен облусунун прокурору Абдибакыт Халмурзаев атайын токтом кабыл алды. Анын негизинде атайын тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, чек арадагы чатак Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 

Мындан улам, Баткен облустук, райондук жана шаардык Ички иштер башкармалыктарынын тергөөчүлөрүнөн куралган атайын тергөө тобу түзүлдү. Учурда соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык, соттук-медициналык-криминалистикалык экспертиза дайындалды. Ал эми тергөө тобу жабырлануучулардан окуянын чоо-жайын сурап, тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.