Жаңылыктар
Баткен-Исфана жана Исфара-Ворух унаа жолунда кыймыл калыбына келди
Чек ара
 Баткен-Исфана жана Исфара-Ворух унаа жолунда кыймыл калыбына келди

Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Баткен-Исфана жана Исфара-Ворух унаа жолунда кыймыл калыбына келди. Бул туурасында мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү 25-июлда билдирди. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кырдаал туруктуу деп бааланууда. Чек арачылар Баткен облусунда күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик чек ара участогун биргелешип кайтарууда.

Эки өлкөнүн чек арачылары жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен чогуу чек арага чектеш айылдарда абалды жөнгө салуу жана конфликтерге жол бербөө максатында калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Мына кече урматтуу Президентибиз Сооронбай Шарипович менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ал кишинин тапшырмасы менен ушул жолду эл менен сүйлөшүп биргеликте туура түшүндүрүп, элге жеткирип, мына эртең кудай буюрса урматтуу Президенттерибиз Ак-Сай менен Ворухтун чектешкен жеринде жолугушуу боюнча пландаштырылган. Ошондуктан элге салам айтып туура түшүнүшсүн кудай буюрса эртең жолугушуу болсо анда көп маселелер чечилет деген тапшырмасын берди эле. Ошондой эле тапшырма Тажик Республикасынын Президентинен мына Согди областынын жетекчилигине жана тиешелүү органдарга тапшырма берилген. Мына ошентип биргеликте сүйлөшүп жолду кыймылды жүргүздүк. Бүгүн эрте менен 7:10 өткөндө кыймыл башталды. Бул эки тараптуу кыймыл Ош-Исфана жолу дагын ошону менен бирге Ворух-Аксай-Исфара жолу дагын. Мен ойлойм эң негизгиси тынчтык болсо бардык маселелер чечилет өз мезгили менен. Эң негизги маселе Баткен облусунун тургундары үчүн Ак-Сай айыл аймагындагы Баткен районунун бир топ чектешкен айыл аймактардагы эң негизги көйгөй бул чек ара маселеси",- дейт Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров.