Жаңылыктар
Туризм тармагы кирешенин бирден-бир булагы
Туризм
Туризм тармагы кирешенин бирден-бир булагы

Кыргызстанда туризм тармагында иштеген 112 миң субъект бар. Бул туурасында Мамлекеттик статистикалык комитетти билдирди. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жайгашкан.

Буга чейин Мамлекеттик туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу Кыргызстанга 7,5 миллион турист келет деп күтүп жатканын билдирген. Анын айтымында, былтыр Кыргызстанга 7 миллионго жакын турист келген.