Жаңылыктар
Бишкекте мото жүрүштүн алгачкы сезону ачылды
Спорт
Бишкекте мото жүрүштүн алгачкы сезону ачылды

Кыргызстандагы байкерлер мото жүрүштүн быйылкы жылдагы сезонун ачышты. Иш-чараны “Кыргызстан мотоциклисттери” коомдук бирикмеси, “Биргелешкен мотоциклисттер” тобу, Мото-Хаус "Перцы" жана “Байкерлер KG” сыяктуу уюмдар уюштурду. 

Ага Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Пакистандын мотоклубдарынын 100дөн ашуун байкерлери катышып, эки дөңгөлөктүү унааны туура башкаруу ыкмасын көрсөтүп беришти. 

Борбордун негизги көчөлөрүндө өткөн мото жүрүштү патрулдук милиция көзөмөлгө алып, шоу-программа менен коштолду. Жыл сайын өтүп келген мындай мото жүрүш эки дөңгөлөктүү унаалар үчүн жол коопсуздугун камсыздоону жана бул спорттун түрүн жайылтууну көздөйт.