Жаңылыктар
Ак-Сай айылынын тургундары үйлөрүнө кайтууда
Чек ара
Ак-Сай айылынын тургундары үйлөрүнө кайтууда

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чырдан улам коопсуз аймакка чыгарылган Баткен районунун Ак-Сай айылынын 600 тургуну 25-июлда кайра үйлөрүнө жеткириле баштады. Алардын көбү балдар менен аялдар. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. 

Ак-Сайдын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан кийин коопсуздугун ойлоп, Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин, эки орто мектептин жана медресенин имаратына жайгаштырылган. Кийинчерээк эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери 23-июлда жолугуп, Тажикстандын Ворух анклавы менен Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундарынын ортосундагы чырды биргелешип иликтөө боюнча чечимге келишкен. Чек ара тилкелерин чогуу кайтарып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашкан.