Жаңылыктар
Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчиликти сактап калды
Спорт
Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчиликти сактап калды

UFC уюмунун чемпиону кыргызстандык Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде ордун сактап калды. Аталган уюм жакында болгон мелдештердин жыйынтыгы менен мушкерлердин рейтингин жаңылады. Эң жеңил салмак категориясы боюнча чемпион Шевченко 13-орунда калып, UFC уюмунун орто салмактагы экс-чемпиону Тайрон Вудли менен азыркы чемпион Жессика Андрадени артта калтырды.

UFC уюмунун мыкты 15 мушкеринин тизмесине Валентина Шевченко быйыл март айында кирип, 15-орунду ээлеген болчу. Рейтингдин сап башында мурдагыдай эле учурдагы чемпион Даниэл Кормье турат. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов 2-орунда болсо, үчүнчү орунга Жон Жонс татыды.

Ал эми Шевченконун мурдагы атаандашы Аманда Нуньес алтынчы орундан бешинчи орунга көтөрүлгөн. Кыргызстандык мушкер өз салмак категориясында абсолюттук чемпион боюнча калды. Жакында эле бул тизмеге Антонина Шевченко дагы кирген.