Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 2020-жылы Токио шаарында өтө турчу Олимпиада оюндарына катышуу үчүн экинчи жолу уруксат алды.
Сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионаты ушул тапта Түштүк Кореянын Кванджу шаарында өтүп жатат.
Бүгүн, 25-июлда Петрашов сууда сүзүүнүн брасс түрү боюнча 200 мерт аралыкка сүзүүгө катышты. Ал үчүнчү бөлүктө сүзуп, 2 мүнөт 11,65 секундда сүзүп келген. Жалпы эсепте Кыргызстандын спортчусу 24-орунду ээледи.
Эскерте кетсек, Петрашов биринчи мелдеште 100 метр аралыкка сүзүп, бир мүнөт 0,94 секундда 87 спортчунун ичинен биринчи келип, 28-орунга ээ болуу менен биринчи лизенциясын алган.