Баткен облусунда Исфана—Баткен жана Исфара—Ворух унаа жолдору ачылды. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу . Баткен облусундагы чек ара бөлүмдөр күчөтүлгөн тартипте иштөөнү улантууда .
Чек арачылары жергиликтүү бийлик органдары менен жаңжалдын күчөп кетишине жол бербөө жана кырдаалды көзөмөлдөө боюнча жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.