Жаңылыктар
Кызыл-Кыя шаарынын сот аткаруучусу пара менен кармалды
Коррупция
Кызыл-Кыя шаарынын сот аткаруучусу пара  менен кармалды

Баткен облусундагы  Кызыл-Кыя шаарынын  сот аткаруучулар кызматынын   улук  сот  аткаруучусу  пара  алып жаткан жеринен  кармалды. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Экономикалык кылмыштуулукка каршы  күрөшүү  мамлекеттик кызматынан билдиришти. Ведомствонун маалыматы боюнча,  жергиликтүү тургун  Кызыл-Кыя шаарындагы улук сот аткаруучуга карата чара көрүү  өтүнүчу менен арыз  жазган.  Улук сот актаруучу  арыз ээсинин кыймылсыз мүлкүн камакка алууну жокко чыгаруу тууралуу соттун чечими болгонуна карабастан андан 10% төлөм (18 миң 600 сом) жана кошумча 10 миң сом пара талап кылган.

Бул факты   Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.  Учурда сотко чейинки өнүдуруш иштери жүрүүдө.