Жаңылыктар
26-июлда Кыргызстан жана Россиянын жаш лидерлеринин форуму башталат
Саясат
26-июлда Кыргызстан жана Россиянын жаш лидерлеринин форуму башталат

Эртең,  26-июлда,   Бишкек  шаарында  Кыргызстан менен Россиянын жаш лидерлеринин форуму  башталат.  

Иш-чара  25-27-июлда Бишкекте болуп, 30-июлга чейин Чолпон-Атада уланат. Форумда жаш ишкерчилик: мыкты тажрыйба жана кызматташуунун багыттары;  аймактарды өнүктүрүүдө айыл жаштарынын ролу; эл аралык кызматташууда ыктыярчылыктын эффективдүүлүгүн арттыруу жагдайларына көңул бурулат.  

Ага  мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун  катышуусу күтүлүүдө.    Форумдун катышуучуларына улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи көрсөтүлөт. Андан сырткары, Кырчын жайлоосу менен "Рух Ордо" маданий борборуна экскурсия болот.