Жаңылыктар
Бишкекте эл аралык "Оймо" фестивалы старт алды
Маданият
Бишкекте эл аралык "Оймо" фестивалы старт алды

Бүгүн, 25-июлда Бишкекте эл аралык "Оймо" фестивалы башталат. Иш-чара 28-июлга чейин борбор шаардагы Курманжан датка аянты, "Эмен багы" галереясы, Кыргыз сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залы жана Гапар  Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейинде өтөт. 

Андан кийин 30-июлдан 4-августка чейин Ысык-Көл облусунда уланат.  "Оймо" эл аралык фестивалы маданий мурастарды сактап калуу, салттуу билимдердин муундан муунга өтүүсүн жандандыруу, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү  максатын көздөйт. 

 Ага  кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери  жана меймандар катышат.