Жаңылыктар
Президент чек арадагы коопсуздукту камсыздоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
Чек ара
Президент чек арадагы коопсуздукту камсыздоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арада, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчысы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, кошуна өлкөлөр менен кызматташтыкты өркүндөтүү, чек ара боюндагы райондордо жашаган өлкө жарандарынын жашоосу үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү - мамлекеттик саясаттын эң башкы артыкчылыктарынын бири бойдон каларын өзгөчө белгиледи. 

«Бул маселелерди чечүү бийликтин бардык бутактарынын, аткаруу бийлигинин түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусун талап кылган комплекстүү милдет болуп саналат. Ошону менен катар алдын алуу чараларын, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 

Президент чек ара боюндагы айылдардын жана райондордун инфраструктуралык абалын жакшыртуу жана социалдык-экономикалык маселелерди чечүү зарылдыгына көңүл бурду. Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Транспорт жана жолдор министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал жана чек ара боюндагы айылдарда инфраструктураны жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти. Кеңешмеге Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, тийиштүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты.

"Белгилүү болгондой өкмөттүк деңгээлде эксперттердин сүйлөшүүсү жүрүп жатат. Акыркы эки жылда биринчи жолу, тагыраагы, 6-июлда өкмөттөр аралык жумуш тобу чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүнү жанданды. Маселенин батыраак чечилишине Кыргыз тарап гана эмес, Тажикстан да кызыктар. Белгилеп коюш керек, Бишкек менен Дүйшөмбү ортосундагы диалог эң жогорку деңгээлде жанданды. Жээнбеков менен Рахмон мүмкүнчүлүк болуп калаары менен бул темада сүйлөшүп жатышат",- деп билдирди Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев.