Жаңылыктар
Таласта мамлекеттик деңгээлде канал курулуп жатат
Аймак
Таласта мамлекеттик деңгээлде канал курулуп жатат

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында элет жеринде ирригация маселеси чечилүүдө. 2021-жылы жылы жазында Таластагы Сарымсак каналы толук кандуу пайдаланууга берилгени турат. 

Ири каналдын курулушу мамлекеттик деңгээлде жасалып жаткан чоң жумуштардын бири. Долбоордун жалпы наркы 690 миллион сом. Сарымсак каналы ишке берилсе Кара-Буура районунда сугат суу маселеси чечилип, жаңы айдоо аянттары пайда болот.