Жаңылыктар
Путин:"Азыркы бийлик менен кызматташабыз"
Саясат
Путин:"Азыркы бийлик менен кызматташабыз"

 

Өлкөдөгү саясий туруктуулук үчүн жалпы кыргызстандыктар азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун айланасына чогулуп, өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керек.  Бул тууралуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуусунан кийин билдирди. 

Анын айтымында, Кыргызстан жана Орусиянын ортосунда чогуу жасай турган иштер арбын жана азыркы бийлик менен алардын баарын ишке ашырууга ишеним артат.

 Мындай пикирге саясат талдоочулар да оң бааларын берип, өлкөгө саясий туруктуулук, экономикалык өнүгүү зарыл экенин жана Орусия менен биргелешкен долбоорлорду чогуу ишке ашыруунун маанисин белгилешти.