Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Исфара шаарында жолугат
Саясат
Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Исфара шаарында жолугат

 Президент Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча, Исфара шаарына кыска мөөнөткө жумушчу визит менен барат. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. 

Ал мамлекет башчыларынын бул сүйлөшүүсү пландуу экенин, мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп турарын баса белгиледи. Данияр Сыдыков сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланарын белгиледи. 

Ошондой эле чек ара боюндагы облустардын Кыргызстан жана Тажикстан элдеринин ортосундагы ынак кошуналык мамилесин жана достукту бекемдөөгө багытталган кызматташтыгын өнүктүрүүгө басым жасалат. 

Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Чолпон-Ата шаарында улантылып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыгы чыгарыларын кошумчалады.