Жаңылыктар
Солтон-Сары жайлоосундагы малдын кырылганынын себеби айтылды
Аймак
Солтон-Сары жайлоосундагы малдын кырылганынын себеби айтылды

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Солтон-Сары жайлоосундагы кенге барып, андагы жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууда мал кырылгандыгына байланыштуу атайын комиссия бир катар лаборториялык экспертизаларды жүргүзгөнү айтылды. 

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калыс Жумаканов билдиргендей, экспертизанын жыйынтыгында малдын 66% өпкө, боор жана ичегинин мите ооруларынан кырылган. Малга вакцина жасоо боюнча алдын алуу иштери толук кандуу жүргүзүлгөн эмес. Экспертиза "Jhong ji Mining" кытай компаниясынын иш аракетинде адамдардын жана малдын саламаттыгына таасир тийгизе турган заттар аныкталбаганын көрсөткөн. 

Ал эми мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык кызматтын башчысы Төлөнбай Исаков билдиргендей, топурак жана суу текшерилип, натыйжада цианид аныкталган эмес. Ал ошондой эле Солтон-Сары кениндеги жана жайлоосундагы радиациянын деңгээли ченемдерге дал келерин кошумчалады. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кубатбек Боронов Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, райондун акимине жарандар айткан маселелер боюнча бир катар тапшырмаларды берип, аларды ыкчам чечүүнү талап кылды. 

Вице-премьер-министр мындан тышкары тийиштүү ведомстволордун текшерүүлөрүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчилдиктерди четтетүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча жарандык топ түзүүнү тапшырды. Анын курамына тиешелүү ченемдерди кармануу үчүн Миң-Булак, Эмгекчил айыл аймактарынын 2 тургуну жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү кирмекчи.