Жаңылыктар
Швейцария өкмөтү кыргыз фермерлерин колдойт
Айыл чарба
Швейцария өкмөтү кыргыз фермерлерин колдойт

Президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Конфедерациясына болгон визитинин алкагында, «Жер-жемиштердин кошумча нарк чынжырчасындагы стандартты сактоо менен, чакан ишканалардын эркин рынокко чыгышына шарт түзүү» долбоору боюнча, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган. 

Күздө баштала турган долбоор атаандаштыкты жогорулатып, жер-жемиштин сапатын арттырууга багытталат. Ишке ашыруу мөөнөтү 3 жылга созулуп, негизинен Ысык-Көл облусунун аймагында ишке ашырылат. Фермерлерге, өндүрүшчүлөргө, кайра иштетүүчү тармакка жана өздөрү өндүргөн продукцияларын экспортко чыгарган ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө багытталат. Меморандумдун алкагында Швейцария өкмөтү долбоорго 968 миң 100 доллар каражат бөлгөн. Ал эми кыргыз өкмөтү ички процедураларды жеңилдетип ишке ашырууга кошумча каражат бөлөт.