Жаңылыктар
Президент Жээнбеков аксайлыктар менен жолугушту
Аймак
Президент Жээнбеков аксайлыктар менен жолугушту

 Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал  жеке көзөмөлүмдө турат,  — деп баса белгиледи  Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  26-июлда,  Баткен облусунун Ак-Сай айылында Баткен облусунун айылдарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда. 

Мамлекет башчы  аксайлыктар менен Тажикстандын Исфара шаарына  бара жатып жолугушту. Президент укук коргоо органдарына, Куралдуу күчтөргө, бардык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилгенин эске салды. Өлкө башчынын белгилешинче,   август айында өрт жана куткаруу кызматтарын жайгаштыруу үчүн имараттардын курулушу аяктап, адистештирилген транспорттор  берилет. Буга чейин талкаланган Ак-Сай айылындагы көпүрө толугу менен калыбына келтирилип,  жакын арада таза суу менен камсыз кылуу үчүн жаңы насостук станциянын курулушу башталат.

 Президент чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу жергиликтүү тургундардын пикирлерин укту.

Мамлекет башчы  Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуудан кийин  чектеш Тажикстандын Исфара шаарына Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга кетти. Тараптар  бул кездешүүдө  кызматташтыктын олуттуу маселелерин, анын ичинде чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерин талкуулашат. Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү Чолпон-Ата шаарында уланып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарылат. Ошондой эле кызматташтык маселелеринин бардык спектрлерин ,  өз ара аракеттешүүнүн келечеги  тууралуу  пикир  алышат.