Жаңылыктар
Чыныбай Турсунбеков: "Энергетика адистери жаңы ЖЭБ курулат деп ишендирген"
Коррупция
Чыныбай Турсунбеков: "Энергетика адистери жаңы ЖЭБ курулат деп ишендирген"

ЖЭБди модернизациялоо долбоорун ишке ашырууда энергетика адистери депутаттарды жаңы ЖЭБ курулат деп ишендирген. Бул тууралуу сотто күбө катары көрсөтмө берген Чыныбай Турсунбеков билдирди. Кытайдан алынган насыяга жылуулук борбору жарым-жартылай гана жаңыланган. Ызгаардуу суукта авария эски блокто болгону кабарланган. ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча иште мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев баштаган сегиз адам айыпталууда. 

Былтыр түзүлгөн депутаттык комиссия энергетикалык ири долбоорду ишке ашырууда Кыргызстандын кызыкчылыгы корголгон эмес деген корутунду чыгарып, укук коргоо органдарына иликтөө жүргүзүү тапшырылган. Тергөөнүн маалыматтарында модернизациялоо ишинде 111 миллион доллар ашыкча чыгым келтирилгени айтылат. Свердлов райондук сотунун өндүрүшүндөгү иште сексенден ашык адам күбө катары суралууда. Алардын катарында мурдагы жана азыркы жогорку кызмат адамдары бар.

“Бүгүнкү сот отурумунда күбөлөр Муканбетов, Турсунбеков, Абдыгулов, Сарпашев жана башкалар суралды”,-деп билдирди Бишкек шаардык сотунун өкүлү Айсулуу Жаасынова.