Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушту
Саясат
Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон  жолугушту

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Ак-Сай менен Ворух айылынын чек арасында жолугушуп, чек арага жакын жайгашкан айылдын эли менен сүйлөштү. Эл менен жолугушуу учурунда эки өлкөнүн башчылары тынчтык, ынтымакта жашоо маанилүү экендигин жана кылымдар бою сакталып келе жаткан мамилелерди бекемдөө керектигин белгилешти. 

Ошондой эле, чек арада түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча бардык чаралар көрүлөрүн билдиришти. Андан ары мамлекет башчылары сүйлөшүү үчүн Тажикстандын Исфара шаарына жөнөп кетишти. Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон эки тараптуу кызматташуу жана кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин сүйлөшөт. Андан соң, эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусу Кыргызстанда, Чолпон-Ата шаарында уланат.