Жаңылыктар
Караколдо жол оңдоо иштери башталды
Аймак
Караколдо жол оңдоо иштери башталды

Караколдо 670 метрге созулган жол жасалып баштады. Республикалык бюджеттин эсебинен Караколдун Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн бир бөлүгүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 35 миллион сом бөлүнгөн. 

Шаар бийлигинин маалыматына караганда, тендерди «СМУТТ» ишканасы утуп, жолду жасоо иштерин баштады. Абдрахманов көчөсүнүн бир бөлүгү Кусейин Карасаев көчөсүнөн Ашырбай Коёнкозов көчөсүнүн кесилишине чейин жасалат.