Жаңылыктар
Бактыбек Турусбеков Босфорду сүзүп өтүү спорттук иш-чарасына катышты
Спорт
Бактыбек Турусбеков Босфорду сүзүп өтүү спорттук иш-чарасына катышты

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков Турциянын Стамбул шаарында өткөн сууда сүзүү боюнча континент аралык иш-чарага катышып келди. Алты жарым чакырым алыстыкка жарышкан сууда сүзүү боюнча мелдешке жалпысынан эки миң төрт жүз спортсмен, 59 өлкөдөн катышкан. Анын ону Кыргызстандын атынан барган өкүлдөр. Бактыбек Турусбеков бул аралыкты бир саат алты минутада сүзүп өтүп, сексен беш спортсмендин ичинен тогузунчу келген. Элүү беш жаштагы эл өкүлүнүн мындай жетишкендиктери көпчүлүктүн алкоосуна татыды.

Элүү беш жаштагы Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков спорт менен жаш кезинен эле машыгат. Башында баскетбол оюнуна абдан кызыгып, көп ийгиликтерди жарата баштаган. Бирок бутунан каттуу жаракат алып баскетболду таштаганга туура келиптир. Андан кийинки кызыгуу сууда сүзүүгө өткөн. Өткөн жылы Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө жетишкен. Бул маршрут айтылуу тору айгырдын изи менен болуп Тоңдун Кара-Талаасынын көл жээгинен башталып Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылынан чыккан.

Босфорду сүзүп өтүүгө даярдыкты Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдө көргөн. Бул иш чарага катышууну эки жыл мурун максат кылып, бирок дароо эле катталууга мүмкүн болбоптур. Мындан сырткары катышуучу да физикалык жактан даярдыгы жакшы болуш керек болчу. Бактыбек Турусбековдун кийинки максаты Ысык-Көлдү кайра сүзүп өтүү болуп турат. Бул максатка Бактыбек мырзанын эки уулу да катышаарын билдирип, азыр даярдык көрүшүүдө.
Белгилей кетсек, Босфорду сүзүп өтүү спорттук иш-чарасына Кыргызстандан дагы тогуз спортчу катышкан. Жалпы жыйынтык боюнча жеңүүчү болуп Турциялык Меликшах Дуген деген спортчу аныкталды. Ал кырк сегиз минут жыйырма сегиз секундада марага келген.