Жаңылыктар
Талас облусу өнүгүү жолуна түштү
Экономика
Талас облусу өнүгүү жолуна түштү

Кыргызстандын ар бир аймагы өзүнчө бир өзгөчөлүккө ээ. Ар бир облустун өзүнүн артыкчылыктары бар жана ушуга жараша ишмердигин жүргүзөт. Маселен аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында айыл жерлерине басым жасалууда, ар бир дубанда өнүктүрүү фонддору ачылып жатат. Ага жергиликтүү тургундар өздөрү салымын кошуп, облустун, райондун же бобосо конкреттүү бир айылды өнүктүрүүгө каражат жумшап жаткан тажрыйбаны көрүүгө болот. Жана мындай демилге аймактарда ийгиликтүү ишке ашырылып жатат.
Аймактарды өнүктүрүү бул айыл жерлеринде инфраструктураны өнүктүрүү, кайра иштетүүчү ишканаларды ишке киргизип, социалдык мекемелердин курулушу, спорт, туризм, медицина баштаган бир катар багыттарга артыкчылык берүү болуп саналат. Айыл чарба экспортунун көлөмүн көбөйтүү да артыкчылыктуу маселе. Бул жолу Талас облусунун өнүгүүсү тууралуу сөз кылмакчыбыз. Бүгүнкү күнгө карата дубанда канча ишкана курулду, таза суу ирригация маселеси кандай турат, түзүлгөн жумушчу орундарынын саны.