Жаңылыктар
Кыргыз ишкерлери чет мамлекеттерде ийгиликтерге жетишүүдө
Экономика
Кыргыз ишкерлери чет мамлекеттерде ийгиликтерге жетишүүдө

Кыргыз ишкерлери чет мамлекеттерде көптөгөн ийгиликтерди көрсөтүп келишет. Биздин ата мекендик продукцияларга чет өлкөлөрдүн базарларында суроо талап жогорулап, аларды экспорттоого өкмөт тынымсыз көмөк көрсөтүп келүүдө. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев инвестиция катары салынган ар бир сом көбөйүп, өлкө экономикасына салым болушу керек деп белгиледи.

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын ала турган болсок, чет элдик түз инвестициянын көлөмү 177 млн долларды түзүп, бул өткөн жылдын ушул маалына карата салыштырганда 49 пайызга көп. Өкмөт башчы аткаруу бийлигинин бизнести өнүктүрүү стратегиясы алгачкы жемиштерин бере баштаганын белгиледи. Буга чейин ишкер субьектилерди текшерүүгө мараторий киргизилип, быйыл 2018-жылга караганда текшерүүлөрдүн саны 88 пайызга кыскарган. Жаңы ишканалар 5 жылга салыктан боштулду. Бизнес акыйкатчы институту киргизилип, мамлекеттик жеке өнөктөштүк жумушун алып баруу багытында “Улуттук башкаруучу компаниясы” түзүлдү.