Жаңылыктар
Путин азыркы бийлик менен иштешүүнү көздөй турганын так түшүндүрдү
Саясат
Путин азыркы бийлик менен иштешүүнү көздөй турганын так түшүндүрдү

Азыркы учурда ар бир эле өлкөдө мамлекеттик башкарууну мыйзамсыз элестете албайсың. Аны менен катар толук укуктук өлкөнү куруу үчүн жакшы мыйзамдарды гана кабыл алып койбостон, анын ишке ашырылышына да дыкат көзөмөл керек. Ар бир жаран мыйзамды урматтап, ага баш ийүүсү укуктук мамлекеттин үлгүсү.

Эч кимге өзгөчө бир артыкчылыктар берилбеши керек. Бирок акыркы убакта биз расмий органдардын талабын четке кагып, баш ийбеген жагдайларга күбө болуудабыз. Маселен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Ички иштер министрлиги күбө катары сурак берүүгө үч жолу чакырык жасады. Бирок, ал үч жолу тең баш тартып, керек болсо курал менен коргоноорун да билдирди. Бул арада мурдагы президент Москвага барып келүүгө жетишти. Анын Владимир Путин менен жолугушуусу ар кандай талданып, арасында колдоо сурап барып келди деген да пикирлер арбын.

Эске салсак, өткөн айда Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын жана кол тийбестигин алган. Ага парламент тарабынан мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция, ЖЭБге көмүр жеткирүү бир катар чет элдик компанияларга байланышы боюнча айыптар коюлган.

Ал эми Путин менен жолугушууга кайтып келсек, Орусиянын президенти маалымат каражаттарына болгон билдирүүсүндө Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр азыркы президенттин тегерегине чогулуп, туруктуулукту сактап, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн көмөк көрсөтүшү керек деп белгилеген.