Жаңылыктар
Кыргызстан жана Россиянын жаш лидерлеринин форуму өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жана Россиянын жаш лидерлеринин форуму өтүүдө

Кыргызстан жана Россиянын жаш лидерлеринин форуму эки өлкөнүн жаштарынын мындан аркы кызматташтыгы үчүн мыкты негиз болуп берет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Чолпон-Ата шаарында форумдун катышуучулары менен жолугушуп жатып билдирди. Өлкө башчысы жаштар менен эркин маектегшип, эки мамлекеттин ортсоундагы кызматташтыктын багыттары, анын ичинен жаштар арасындагы алака кеңири талкууланды. 

Иш-чара 25-июлда Бишкек шаарында башталган жана 30-июлга чейин Чолпон-Ата шаарында уланат. Форумдун жыйынтыгы менен Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы кайчылаш жылы - 2020-жылга карата иш-чаралардын планы иштелип чыкмакчы. Кененирээк кийинки материалда.