Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция ишинде Атамбаевдин да аты бар
Коррупция
Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция ишинде Атамбаевдин да аты бар

Депутаттык комиссиянын корутундусунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция ишинде Алмазбек Атамбаевдин да аты бар. 

Эске салсак, жылуулук электр борборунун модернизациясындагы коррупция фактысы боюнча премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчилери жана башка бир катар чиновниктер айыпталуучу катары өтүүдө. Жылуулук борборун оңдоп түзөөдөгү жемкорлуктан мамлекет 111 млн доллар зыян тартканын буга чейин тергөө аныктап чыккан.