Кыргызстандык спортчу Чыңгыз Сагыналиев Кытайдын Тайбэй шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча мелдеште алтын медаль тагынды.
Мекендешибиз жаш өспүрүмдөр арасында 60 кг салмакка чейинки категорияда 1-орунга ээ болуп, Азия жана Океаниянын жаңы чемпиону аталды. Сагыналиев финалда автралиялык мушкер Жордон Гринбанкты 4:1 эсебинде жеңип алган. Ал эми жарым финалда Монголиянын спортчусу Булгантамир Даваадоржду уткан.
Спортчу Ирандын балбаны Аболфазлом Иссазаеини 1 мүнөт 25 секундда жеңип, алтын медаль тагынды. Буга чейин 55кг салмактык категориясында Ханболот Ырысбеков, ал эми 50кг салмакка чейинки мелдеште Муса Шабданбеков коло медалга ээ болушкан.