Жаңылыктар
Чолпон-Атада Кыргызстан менен Россиянын жаш лидерлеринин форуму өтүүдө
Саясат
Чолпон-Атада Кыргызстан менен Россиянын жаш лидерлеринин форуму өтүүдө

Сооронбай Жээнбеков кечээ 28-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Россиянын жаш лидерлери форумунун катышуучулары менен жолугушуп, алар менен эркин маектешти.

Анда мамлекет башчысы Россия Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга визитин, анда эки тараптуу кызматташтыктын көп маселелери, анын ичинде Кыргызстан жана Россия жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси да талкууланганын эске салды. Президент жаш лидерлердин Форуму эки өлкөнүн жаштарынын мындан аркы кызматташтыгы үчүн мыкты негиз болоруна ишенем деп айтты. Ал эске салгандай, Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий визитинин алкагында эки өлкөнүн ректорлорунун форуму, ошондой эле региондордун форуму өттү. Жалпы суммасы 6 млрд АКШ долларынан ашкан макулдашууларга кол коюлду. Президент маектешүү учурунда өзүнүн жаш лидерлер менен Ысык-Көлдө жолугушуп жатканы символикалуу экенин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаш лидерлерге ак жол, бекем ден соолук жана бак-таалай каалап, жаштык бир жолу келерин, ошондуктан мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай өз долбоорлорун, пландарды жана мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга жетишип калуу керек экенин эске салды.

Жолугушууда россиялык “Россия жаштар союзу” коомдук уюмунун төрагасынын орун басары Татьяна Селиверстова жана Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай Улуттук Коомунун президенти Азамат Баялинов чыгып сүйлөштү.

Алар форумдун алкагында бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлганын, ишкерликти өнүктүрүү, туризм, волонтёрлук, региондордогу жаштардын ролун жогорулатуу чөйрөлөрүндө кызматташуу тууралуу макулдашууларга жетишилгенин айтышты, Кыргызстандын жана Россиянын жаштары бардык пландарды жана макулдашууларды биргелешип ишке ашырууга даяр экенине ишендиришти.

Кыргыз-Россия өнүктүрүү банкы чакан жана орто бизнести баштоочулар үчүн стартаптардын алкагында ишкерликти өнүктүрүү боюнча жаштардын демилгелерин колдоп, 70 миллион сом бөлгөнү белгиленди.

Жолугушуунун соңунда форумдун катышуучулары бирге сүрөткө түшүп, президентке символикалуу белектерди тапшырышты.

Жолугушууга Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко да катышты.

Эске салсак, форум өз ишин 25-июлда Бишкек шаарында баштап, 30-июлга чейин Чолпон-Ата шаарында улантат. Уюштуруучулар: РФтин Жаштар иштери боюнча федералдык агентчилиги жана КРдин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги болду.

Форумдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы кайчылаш жылы – 2020-жылга карата иш-чаралардын планын иштеп чыгуу болжолдонууда.