Жаңылыктар
Ош: көпчүлүк коалицияга үч партия кирди
Саясат
Ош: көпчүлүк коалицияга үч партия кирди

Бүгүн Ош шаардык кеңешинин төртүнчү чакырылыштагы депутаттарына мандат тапшырылды. “Мыйзам жана ыйман” деп аталган көпчүлүк коалициянын курамына КСДП, “Бир Бол” жана «Мекеним Кыргызстан» фракциялары кирди. Көпчүлүк коалицияга кирген үч фракция 27 депутаттан турат. 

Коалициянын лидери жана спикери болуп 45 депутаттын добушу менен жалгыз талапкер, Социал-демократтар фракциясынан Жапарбек Ормонов шайланды. Анын орун басары болуп, партиялашы Шакир Зулимов шайланды. Эми бул депутаттар кеңеши Ош шаар башчысын шайлайт. Калаа башчысын шайлоо жакынкы он күндүн ичинде тактала турмай болду.