Жаңылыктар
Россияда Кыргызстандан тигилген кийимдерге суроо-талап жогору
Мекендештер
Россияда Кыргызстандан тигилген кийимдерге суроо-талап жогору

Россиялыктардын арасында Кыргызстандан тигилген кийимдер жогору суроо талапка ээ. Жергиликтүүлөрдү баасы менен сапаты толугу  менен канааттандырат. Мындан сырткары кийим түрлөрү, үлгүсү жана өлчөмү дагы Россиянын шаарларында жашаган айымдарды кайдыгер калтырбайт. 

Мекендешибиз Дүйшөбек Сактанов бул базарда администратор болуп эмгектенгенине 2 жыл болуптур. Алгач ал ушул базарда бут кийим сатып, ишин баштаган. Таман акы, маңдай теринин акы бети кайтып, анын эмгекчилдигин байкаган базар директору, бул кызматты сунуштаган. Соодагерлердин көбү кыргыздар. Сатып жаткан кийим-кечелердин көбү да Кыргызстандан тигилип, даярдалган.

Жергиликтүү тургундар менен базар кардарлары “Кыргызстанда жасалган” деген белгини жакшы билишет. Аларды баасы менен сапаты дагы канааттандырарын айтат.

Бул жерден орус улутундагы жигитке турмушка чыккан мекендешибиз Самара аттуу келинди да жолуктуруп калдык. Күйөө бала, үйлөнөр алдында ислам динин дагы кабыл алган экен. Бул жерде иштеген кайненеси дагы, Самараны өз кызындай кабыл алган.

Чыныгы көп улуттуу үй-бүлө. Елена Непринцованын айтымында, улуу кызы тажик улутундагы жигитке турмушка чыккан, кичүү уулу кыргыз келиндүү кылып, кубантып жаткан кез. Жакында Самаранын ата энесиникине, Ош облусунун Өзгөн районуна барууга камданып жаткан кездери. Аны менен кошо, кыргыз жергесиндеги кийим тигүүчү фабрикаларды кыдырып, күз-кыш мезгилине карата, кандай кийимдерди буйрутма кылууну да чечип, сүйлөшө келерин айтат.