Жаңылыктар
Экономикалык келишимдердин үзүрүн көрөлү
Экономика
 Экономикалык келишимдердин үзүрүн көрөлү

Кыргызстандын экономикасы Кытай жана Россия менен келишимдерди ишке ашыруунун үзүрүн көрүшү керек. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия  Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарларынын алкагында кол коюлган эл аралык келишимдерди жана бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өткөргөн кеңешмеде айтты.

Жыйындын жүрүшүндө  Кыргызстандын Россия жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы келишимдерди,  ошондой эле VIII кыргыз-россия аймактар аралык конференциясынын жана кыргыз-кытай бизнес-форумунун алкагында кол коюлган документтерди ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Белгилүү болгондой, «Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору» аталышындагы кыргыз-россия аймактар аралык конференциянын жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 6 млрд. 134 млн. 860 миң долларга 53 келишимге, анын ичинде инвестиция чөйрөсүндө 5 млрд. 514,7 млн. долларга жана соода тармагында 620 млн. долларга кол коюлган.  Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин визитинин алкагында өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунун жүрүшүндө жалпы суммасына 7 млрд 828 млн. долларга тоо-кен, агрардык өнөр жай, билим берүү, курулуш тармактарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган 24 документке кол коюлган.

Мындан тышкары 500 млн. юань өлчөмүндө кайтарымсыз жардам бөлүү жөнүндө келишимге кол коюлуп, 2019-жылдан 2021-жылга чейин 1,5 млрд. юань гранттык жардам көрсөтүү ниети ырасталды. Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, буга чейинки жылдары эл аралык келишимдерди аткарууда создуктуруу орун алган, мындан ары андай болбошу керек.