Жаңылыктар
Ленин чокусунан дайынсыз жоголгон россиялык жаран изделүүдө
Кырсык
Ленин чокусунан дайынсыз жоголгон россиялык жаран изделүүдө

Чоң-Алай районунда Ленин чокусунан түшүп жатып дайынсыз жоголгон Россиянын жараны изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, изделип жаткан 45 жаштагы И.И. аттуу адам 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып, 5000 метр бийиктиктен байланышка чыккан. Ошол бойдон кабары билинген эмес. ӨКМден жөнөтүлгөн 6 куткаруучу саат 00:10до Кашка-Суу айылына жетип, түнөп калышкан. 29-июль күнү эртең менен издөө иштери башталды.

Мындан сырткары россиялык жаранды тейлеген фирманын кайрылуусу боюнча 3600 жана 4000 метр бийиктикте жайгашкан куткаруучулар да издөө иш-чараларына чыгышат.