“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Улуттук маданиятты өнүктүрүү жана сактоо боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү.
Өлкө башчы анда Кыргызстандын 25 жылдык тарыхында маданият тармагына жетиштүү көңүл бурулбаганын, аларды каржылоо ашкан акчаны бөлүү принциби менен жүргүзүлүп келгенин белгиледи. “Бул көрүнүштү өзгөртүү керек, эгер маданиятты азыркыдай абалында калтырсак анда мамлекеттин келечеги бүдөмүк”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Айтымында учурда өлкөгө руханий революция жасоо зарыл болуп турат. Улуттук маданиятты өнүктүрүү жана сактоо боюнча кеңештин мүчөлөрү да сөз сүйлөшүп, бул жааттагы мамлекеттик саясатты жана алдыда жасалчу иш-пландарды талкуулашты.