Жаңылыктар
Кыргызстандык дзюдочулар Азия жана Океания чемпиондугунда 6 медаль утту
Спорт
Кыргызстандык дзюдочулар Азия жана Океания чемпиондугунда 6 медаль утту

Өспүрүмдөр арасындагы Азия жана Океания чемпиондугунда кыргызстандык дзюдочулар 6 медаль утту. Сокулук районуна караштуу Белек айылынын 17 жаштагы тургуну Чыңгыз Сагыналиев 60 кг салмакта чыккан. 

Алгач австриялык спортчу менен беттешип, аны 59 секундда жеӊди. Андан соӊ, жарым финалда Монголиядан келген дзюдочуну жеңди. Алтын медаль үчүн ирандык спортчу менен беттешип, аны 1 мүнөт 25 секундда жеӊип,  Азиянын чемпиону болду.   

Ошондой эле  Ханболот Ырысбеков  алтын медаль алды.   Чемпионат 27-28-июль күндөрү Кытайдын Тайбэй шаарында өтүп,  турнирге  Кыргызстандан 12 спортчу катышты.