Улуттук гвардиянын атайын багыттагы “Пантера” бригадасынын түзүлгөнүнө бүгүн 23 жыл болду. Анын негизинде 714-аскер бөлүгүндө майрамдык иш-чара болуп өттү.
Ага Улуттук гвардияда кызмат өтөп жаткан жоокерлердин жакындары, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башкы штабдан өкүлдөр катышты. Келген конокторго аскерлер курал-жарактарды колдонуу чеберчилигин жана атайын машыгууларды көрсөттү.
Белгилей кетсек, 1992-жылы Ленин райондук аскер комиссариатынын ордуна биринчи жолу атайын багыттагы “Пантера” отряды жайгашып, жоокерлер аскер кызматына чакырылып өздүк курам түзүлгөн. 1993-жылы апрель айында бул бөлүктүн өздүк курамы өлкөдөгү Куралдуу күчтөр арасында биринчилерден болуп аба десанттык машыгуулардан өтүп, парашют менен секирген.