Жаңылыктар
Кыргыз-Россия өнүктүрүү банкы жаш ишкерлерди колдоого 70 миллион сом бөлдү
Саясат
 Кыргыз-Россия өнүктүрүү банкы жаш ишкерлерди колдоого 70 миллион сом бөлдү

 

Кыргыз-Россия өнүктүрүү банкы чакан жана орто бизнести баштоочулар үчүн стартаптардын алкагында ишкерликти өнүктүрүү боюнча жаштардын демилгелерин колдоп, 70 миллион сом бөлдү.  

Форумдун катышуучулары менен  28-июлда Чолпон-Ата шаарында президент Сооронбай Жээнбеков жолугушту.  Мамлекет башчысы Россия президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айында Кыргызстанга болгон визитин, анда эки тараптуу кызматташтыктын көп маселелери, анын ичинде Кыргызстан жана Россия жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси да талкууланганын эске салды. 

Президент жаш лидерлердин форуму эки өлкөнүн жаштарынын мындан аркы кызматташтыгы үчүн мыкты негиз болоруна ишеним билдирди.