Жаңылыктар
Иркутск облусунда дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүүдө
Дүйнө
Иркутск облусунда дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүүдө

Иркутск облусунан куткаруучулар бир сутка ичинде 1 миңден ашык тургунду эвакуациялады. Аймактагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, калктуу конуштарда суу ташкынынын жаңы агымы башталды.  
Жекшемби күндөгү нөшөрлүү жамгырдан кийин облустун 6 районундагы бир нече турак-үйдү суу каптады. Cиноптикте  бүгүн дагы Иркутскинин түштүк аймагында катуу жана узакка созулган жамгыр жаай тургандыгын божомолдошту. Буга байланыштуу Ока, Ия, Уда дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу жогору болууда.