Жаңылыктар
Үйлөрдү тоногон уурулар изделүүдө
Кылмыш
Үйлөрдү тоногон уурулар изделүүдө

Акыркы убактарда, социалдык түйүндөрдө өздөрүн Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери катары тааныштырып, калкты каттоо боюнча иш-чараларды өткөрүп жаткан адамдар катары тааныштырган алдмачы көз боёмочулар тууралуу маалымат таркатылууда.   Ушул эле маалыматтар боюнча алдмачы көз боёмочулар  статкомдун кызматкерлеринин жасалма күбөлүктөрүн көрсөтүүдө.  

Маалыматтарды чогултууну аяктагандан кийин бир канча убакыт өткөн соң, сурамжылоо жүргүзүлгөн адамдардын үйлөрүнө уурулар киргендиги аныкталды. Буга   байланыштуу  Улуттук  статистика комитети  эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар 2020 жылдын 23 мартынан тартып 1 апрелине чейин жүргүзүлө тургандыгын  билдирет.  Улуттук статистика  комитети мындай   көз боёомчулардан сак болууну эскертет.