Жаңылыктар
Мухаммедкалый Абылгазиев: Биздин экономика эл аралык келишимдердин үзүрүн көрүшү керек
Экономика
Мухаммедкалый Абылгазиев: Биздин экономика эл аралык келишимдердин үзүрүн көрүшү керек

Кыргызстандын экономикасы Кытай жана Россия менен келишимдерди ишке ашыруунун үзүрүн көрүшү керек. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарларынын алкагында кол коюлган эл аралык келишимдерди жана бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өткөргөн кеңешмеде айтты.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын Россия жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы келишимдерди, ошондой эле VIII кыргыз-россия аймактар аралык конференциясынын жана кыргыз-кытай бизнес-форумунун алкагында кол коюлган документтерди ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Белгилүү болгондой, «Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору» аталышындагы кыргыз-россия аймактар аралык конференциянын жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 6 млрд. 134 млн. 860 миң долларга 53 келишимге, анын ичинде инвестиция чөйрөсүндө 5 млрд. 514,7 млн. долларга жана соода тармагында 620 млн. долларга кол коюлган. 

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин визитинин алкагында өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунун жүрүшүндө жалпы суммасына 7 млрд. 828 млн. долларга тоо-кен, агрардык өнөр жай, билим берүү, курулуш тармактарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган 24 документке кол коюлган. Мындан тышкары, 500 млн. юань өлчөмүндө кайтарымсыз жардам бөлүү жөнүндө келишимге кол коюлуп, 2019-жылдан 2021-жылга чейин 1,5 млрд. юань гранттык жардам көрсөтүү ниети ырасталды. Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, буга чейинки жылдары эл аралык келишимдерди аткарууда создуктуруу орун алган, мындан ары андай болбошу керек.

"Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери кол коюлган документтерге жеке жоопкерчиликти тартышат. Кабыл алынган чечимдерди аткаруунун жүрүшүн туруктуу негизде көзөмөлдөө жана документтерди ишке ашыруу жолдорун баскычтуу жазып чыгуу, жооптууларды аныктап, конкреттүү мөөнөттөрдү белгилөө зарыл. Түшкөн каражаттар түз максатында эң артыкчылыктуу чөйрөлөргө багытталышы үчүн биздин ишибизди тутумдаштыруу керек. Алар «жок болуп» кетпеши керек, мурдагыдай башаламандык эч болбошу керек. Биз экономикабыз үзүрүн көрүшү үчүн аларды натыйжалуу өздөштүрүүгө тийишпиз. Биздин жарандар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын жакшы кабыл алышып, олуттуу натыйжаларды күтүп жатышат",- деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.