Жаңылыктар
Гурбангулы Бердымухамедов өлүмү тууралуу ушак тараткандар кармала баштады
Дүйнө
Гурбангулы Бердымухамедов өлүмү тууралуу  ушак  тараткандар кармала  баштады

 Түркмөнстанда президенттин өлүмү тууралуу ушак  тараткандар кармала  баштады.  Бул тууралуу «Түркмөнстандын хроникасы» басылмасы  жазды.  Маалыматка ылайык,  Лебап облусунда  3 адам кармалды. 

Алар — «Түркмөнтелекомдун», суу чарбасынын жана жергиликтүү турак жай коммуналдык чарбасынын кызматкерлери. Instagram социалдык тармагында түркмөнстандык жылдыздар күйөрмандарын ушактарга ишенбөөгө чакырып жатышат. 

Ошондой эле шоу-бизнестин өкүлдөрү президент Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу маалымат тараткан адамдарды уяткарып, #duryalan (жалганды токтот) хэштеги менен билдирүү жарыялашты.