Жаңылыктар
Кыргызстанда Комуз күнү белгиленет
Маданият
Кыргызстанда Комуз күнү белгиленет

Президент Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жогорку технологиялар ылдам өскөн шарттарда улуттук маданиятты сактап калуу мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ишинин маанилүү багыттарынын бири. Улуттук маданият коомду андан ары консолидациялоо жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө үчүн шарттарды түзөт. Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. 

Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан муунга өтүп, биздин күндөргө чейин жетти. Азыркы шарттарда комуздун жаңы маанисин ачуу керек, ал кыргызстандыктардын көп түрдүү маданиятындагы биримдиктин символу болууга тийиш. Кыргызстан элинин маданий интеграциясы коомдогу тынчтыктын, ынтымактын жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизи болуп калат.

Аталган багытта тиешелүү ишти жүргүзүү максатында Өкмөткө бир катар иш-чаралар сунушталды. Ага ылайык, 9-сентябрда Кыргызстанда жыл сайын Комуз күнүн белгилөө. Ошондой эле, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, Комуз күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча чараларды көрөт. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.