Жаңылыктар
Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр

Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин Исфарадагы, андан кийин Чолпон-Атадагы жолугушуулары эки өлкө ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо иштерин тездетет. 26-27-июль күндөрү кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү жогорку деңгээлде өткөндүгүн серепчилер билдиришүүдө. Талдоочулардын айтымында, өлкөлөрдүн лидерлери мамлекеттик чек аранын калган бөлүгүн тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү зарылдыгын белгилеп жана буга эки тарап тең кызыкдар экендигин билдирүү менен саясий эрктерин көрсөтүштү.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу 970,8 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымы учурда тактала элек. Делимитация боло элек талаштуу тилкелер чек арага жакын жашаган тургундардын ортосунда ар түрдүү жаңжалдардын чыгышына себеп болуп келет. Серепчилер чек аралардын такталбаганы коңшу өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин дараметин толук пайдаланууга тоскоолдук кылып келгенин билдиришүүдө. Саламат Аламанов кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр 2010-жылы жайлап калганын эскерет. 

Ал ортодо өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Каныбек Ботобаев акыркы эки жылдан бери кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөрдө чыныгы жылыштар болгонун белгилөөдө. Алсак, 6-июлда Чек араны Делимитация жана демаркация кылуу боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтун жолугушуусу өткөн. Анда тараптар бул маселенин тезирээк чечилишине кызыкдар экенин билдиришкен. Эми сүйлөшүүлөрдүн мындан аркы өнүгүшүнө эксперттер тарабынан уникалдуу деп мүнөздөлгөн эки президенттин жолугушуусу дагы сөзсүз түрдө түрткү болот. 

Президенттер чек ара боюнча эч кандай документтерге кол койбосо дагы, чек араны делимитация жана демаркация кылуу иштерин тездетүү зарылдыгын белгилөө менен саясий эркти көрсөтүштү. Тактап айтканда, эки өлкөнүн жогорку жетекчилигинин көз караштары белгилүү болду. Эми иш өкмөттөр аралык жумушчу топтордун колунда. Алдыда эксперттер менен адистердин көптөгөн жолугушуулары, деталдуу жана кылдат иштер аткарылышы керек. Чек араларды тактоо иштери бир жылдын ичинде аяктабашы мүмкүн. Анткени бул маселелер бүгүн, кечээ же Советтер Союзу таркаганда дагы жаралган эмес. Саламат Аламановдун айтымында, чек ара талаштары алыскы 1924-жылы улуттук-аймактык чек салуу маалында эле башталган. Анда азыркы Борбордук Азия элдери комиссиянын чечимдерине нааразы болушкан. Советтик доордо бул талаштар чечилген эмес, бирок ал кезде бардык өлкөлөр бир мамлекеттин курамында болгондуктан, азыркыдай курч мүнөзгө ээ болгон эмес. 

Фергана өрөөнү калк жыш жайгашкан аймактардын бири. Окумуштуулар бул өрөөндү чоң конфликттик потенциалга ээ аймак катары эсептегенине карабастан, эгемендик жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен эли күн тартибиндеги көптөгөн эл аралык маселелер боюнча бирдиктүү позициясын көрсөтүп, өз ара ынтымакта жашап келишет. Бул таң калыштуу деле эмес, анткени аймактын жашоочуларын тарыхы, маданий жана диндик жалпылык байланыштырып келген. Эксперттер алдыда оор маселелерди чечүүдө ушундай тенденция сакталат деген ишенимде. 

Чек ара маселесин чечуу абдан кучтуу, оз ара макулдашууну, ымаланы талап кылат. Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон бул маселени Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун, ШКУ, КМШ, саммиттердин аянтчасында эки тараптуу жолугушуулардын алкагында талкуулап жатышат. Исфара жана Чолпон-Атадагы суйлошуулордо лидерлер ар турдуу маселелерди чечуудо ынак коншулук мамилелердин принциптерин карманаарын тастыкташты.