Жаңылыктар
Баткен районунда тажрыйба алмашуу семинары өткөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен районунда тажрыйба алмашуу семинары өткөрүлдү

Тажикстандын ветеринарлары мал-жандыктарын идентификациядан өткөрүү боюнча Кыргызстандын тажрыйбасына кызыкдар. Бул боюнча Баткен районунда тажрыйба алмашуу семинары өткөрүлдү. Тажикстанда бодо малды каттоо эми гана башталып, адистер бул жаатта Кыргызстанда ишке ашырылган ыкмаларды колдонууну максат кылышууда. 

Кыргызстанда мал-жандыктарды каттоо боюнча 2013-жылы мыйзам кабыл алынып, учурда бодо малды идентификациялоо өнөктүгү толугу менен ийгиликтүү ишке ашырылган.