Жаңылыктар
Бейөкмөт уюмдар Абдылдаевдин отставкасын талап кылууда
Саясат
Бейөкмөт уюмдар Абдылдаевдин отставкасын талап кылууда

Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт  уюмдар Тышкы иштер министринин отставкасын талап кылууда. Ага мекеменин АКШ мамлекеттик  департаментинин  докладына  берген  жообу себеп болду. 36 беттен турган документте  Кыргызстанда  адам укугу  боюнча абалга начар  баа  берилген.  Расмий  Бишкек  дароо реакция жасап,  ага жооп кайтарган.    Дипломаттар докладда айтылгандар  негизсиз  экендигин белгилешкен. Албетте , докладда  келтирилгендер АКШ тарабынан  каржыланган уюмдардын маалыматтарынын негизинде   жазылган. Дал ушул жагдай  бейөкмөт уюмдарга   жаккан эмес.   

Бишкектеги  айрым  бейөкмөт уюмдар  Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин отставкасын талап кылууда.   Мындай билдирүү менен «Прецедент»,  «Кылым шамы»,  « Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы”  “Психикалык ден соолук жана коом”  ошондой эле «Балдардын укугун коргоо лигасы”  сыяктуу уюмдар  чыгышкан. Бирок, балдардын укугун коргоо лигасынын  жетекчиси   мындай маалыматтан кабары жок   экендигин  белгиледи. 

Эскерте кетсек, мамлекеттик  департамент 14-апрель күнү дүйнө жүзүндөгү адам укугундагы   абал боюнча  36 беттен турган доклад даярдаган. Анда  Кыргызстанда "мыйзамсыз камакка алуу", "бийлик менен макул болбогондорду четтетүү", Азимжан Аскаровдун "укугун бузуу", "кызмат адамдарынына жаза көрүлбөй турганы", "бейөкмөт уюмдарга басым жасоо" өкүм сүрөрү белгиленген.  Ал арада, 16-апрель күнү, Кыргызстандын  тышкы иштер министрлиги  баяндамадагы айрым баа берүүлөр саясатташып, ачык эле жасалмаланганын орунсуз деп эсептеп,   адам укугу боюнча  айтылган маалыматты негизсиз  деп жооп кайтаргандыгын аталган мекеменин  өкүлү Нурлан Сүйөркулов “Биринчи радиого ” билдирген эле.

Коомчулукта  бейөкмөт уюмдардын  иш-аракети  талкууга түштү. Талдоочу  Марс Сариев,  бул абалды  президенттик шайлоонун   алдындагы  саясий оюн деп баалайт. 

Мындан  көп өтпөй  эле  Бириккен улуттар  уюмунун  адам  укуктары  боюнча  комитети  абактагы  укук коргоочу  Азимжан   Аскаровду  бошотууга чакырык таштады.  Эл аралык уюмдун  өкүлдөрү   Аскаровдун   адам чыдагыс  шартта  кыйноого кабылып  жаткандыгын, укук коргоочуга   адилетсиз  өкүм  чыгарылгандыгын  белгилеп, аны  бошотуу  талабын   да койгон. Белгилүү болгондой , өткөн жылы  эле  Аскаровдун күнөөсү  тергөөдө да сотто да далилденип,  бардык инстанциялардын  өтүп, Жогорку Соттун   өкүмү чыккан.  Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев,  эгемендүү мамлекет чагымчыл , бузукулук иштерди жүргүзгөн  уюмдарга  мыйзамдуу  жол менен  укуктук  баа  берип коюу зарыл деп эсептейт.

Кыргызстандагы адам укугун коргойбуз деген бейөкмөт уюмдардын статусу жана алып  барган иши боюнча  атайын анализ жүргүзүлөбү, аларга  адам укугун коргоочу деген статусту ким берет?- деген суроону коомчулук коюуда.

Г.Усенова, “Биринчи радио”