Жаңылыктар
Токтогул ГЭСи биринчи ирет реконструкцияланууда
Кыргызстан
Токтогул ГЭСи биринчи ирет реконструкцияланууда

Токтогул  ГЭСи түптөлгөн  45  жыл аралыгында  биринчи ирет  реконструкцияланууда. Жаңылоо иши 2023-жылы аяктайт.

Муну менен  адистер,  анын өмүрүн  кеминде 40 жылга узартуу  мүмкүнчүлүгүн  айтышат.

Модериниациялоо  негизги 3 баскыч менен ишке ашат. Биринчи фазасы октябрь айында  жыйынтыкталат. Анда, генератор, трансформатор жана 500 кв. кабель тартуу иштери  камтылган.

Жумуш 90%  жыйынтыкталды. Андан соң, 2 -фаза  башталат. 2020-2021-жылдары 4, 2  гидроагрегаттарды, андан кийинки  3-фазада 1, 3 гидроагрегат толугу менен алмаштырылат. Ар жылы бирден негизги чоң 4 агрегат алмаштырылат. 

1-фазага 32  млн. 2-3-фазага 104 млн. доллар каражат каралган. Реконструкциялоо 2023-жылы жыйынтыкталат. Мунун менен адистер, ГЭСтин кубатуулугун 20% чейин көтөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөөрүн айтышат.

Суу сактагычка суу 1965-жылдардан тартып толтурула баштаган. Аянты 65 чакырымды камтыйт. Суу сактагыч аркылуу аккан суу балык кармоого эң жагымдуу экенин  балыкчылар  айтышат. Байытылган, кычкылтекке бай, таза  суу - табылгыс азык. Суунун температурасы жайы-кышы бирдей абалда - минус 10 градуста  сакталып турат. Кара-Колдук ишкердин балык чарбасында азыркы тапта 250 тонна балык бар. Ички рыноктон сырткары, Казакстанга экспорттойт.

Балык чарбасында 10 жумуш оруну ачылган. 26 миңден ашуун калкы бар аймакта  ишкерчиликтин мындай түрүнөн эки ири чарба бар.