Жаңылыктар
УКМК: Бишкекте Эсеп палатасынын инспектору кармалды
Коррупция
УКМК: Бишкекте Эсеп палатасынын инспектору кармалды

Бишкекте Эсеп палатасынын инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, инспектор Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинде иштегендердин финансылык мыйзам бузууларга барган фактысын жашырып койгон. 27-июлда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал август айынын соңуна чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.