Жаңылыктар
Тоң районунда "Салбурун" фестивалы өттү
Маданият
Тоң районунда "Салбурун" фестивалы өттү

Тоң районунда аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында жана региондо туризмди өнүктүрүү максатында "Салбурун" фестивалы өткөрүлдү. Салттуу иш-чара жыл сайын өткөрүлүп келет. Фестивалдын жүрүшүндө катышуучулар жаа атуу, тайган агытуу, куш салуу өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, фестиваль улуттук оюндардын түрлөрүн жайылтып гана тим болбостон, кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын келечек муунга өткөрүү, салттуу маданиятты өнүктүрүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, туризм тармагын өнүктүрүү багытында быйыл Тоң району боюнча ар кыл багыттагы 12 фестивалдын өткөрүлүшү каралган.

"Бул тайгандар аңчылыка чыкканда гана өзүнүн өнөрүн көрсөтүп, күчү байкалат. Тайган талаадан бир жаныбарды көрсө жетип алышы керек, алмайынча жаны калбайт. Биз көбүнчө кашкулака чыгабыз. Кышкысын аңчылыка чыкканды жакшы көрүшөт. Буга чейин көп иш чараларга катышып, жакшы жетишкендиктери бар",-деди фестивалдын катышуучусу Кубанычбек Молдобаев. 

"Аймакта туризм тармагын өнүктүрүүгө салым болсун деп он эки ар түрдүү фестивалдын өтүүсүн караганбыз. Алардын баары эко туризм, этно туризмди өнүктүрүүдө чоң салымы бар",- деди Тоң районунун акими Данияр Арпачиев.