Тоң районунда быйыл беш чакырым жаңы жол салынат. Жолчулардын билдирүүсүндө, азыркы тапта айыл ичиндеги бир чакырым жол толук оңдоп түзөөдөн өтүп жатат. Мындан сырткары Кажы-Сай, Темир-Канат, Жер-Үй жана Көл-Төр айылдарында оңдоо иштери жүргүзүлөт. Кошумча үч чакырым жолду майда таш менен түздөө иштери каралган. Негизинен №33 жол тейлөө мекемеси жалпы 408 чакырым жол тейлейт. Анын басымдуу бөлүгү кум, шагыл төшөлгөн жолдор.
"Азыркы учурда Тоң айылында бир чакырым жол салынууда. Буга чейин Жер-Үй айылында бир чакырым эки жүз метр, Темир-Канат айылында сегиз жүз метр жол салып бүткөнбүз. Көл-Төр айлында бир чакырым жолго асфальт төшөө үчүн даярдоо иштери жүрүп жатат. Бул иштер бүткөндөн кийин Кажы-Сай айылында жол салуу иштери башталат",- деди №33 жол тейлөө мекемесинин кызматкери Элмир Саткынбек уулу.