Жаңылыктар
Пакистанда аскер учагы кулап, 12 адам мерт кетти
Дүйнө
Пакистанда аскер учагы кулап, 12 адам мерт кетти

Пакистанда аскер учагы калк жашаган айылга кулап, аз дегенде 12 адамдын өмүрүн алды. Кырсык Равалпинди аскер шаарчасынан анча алыс эмес аймакта шейшембинин таңында болду. Өлкөнүн аскер кызматы билдиргендей, кырсыктын курмандыктарынын арасында учкучтар менен жоокерлер бар. 

Авиакатострофадан көз жумгандардын саны дагы өсүшү мүмкүн, анткени жаракат алгандардын арасында абалы оорлору бар. Жалпысынан дагы жыйырмадай киши ооруканада. Куткаруу иштери дагы деле уланууда. Маалыматтарга караганда, армиянын учагын катардагы окуучу учкуч башкарып баратканда Равалпиндинин Мора Калу айылына кулаган. Куткаруучулардын айтуусунда, учак мунаранын үстүндө көзөмөлүн жоготуп койгон. Кырсыктын себептери айтыла эле.